Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, 12-апрелге караган түнү Ысык-Көл облусунун Туура-Суу айылында катталган шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткенин билдирди.
ӨКМ шамалдын кесепетинен жалпы 35 турак үй, анын 29у камсыздандырылган, 26 чарбалык курулуштар, 3 социалдык объект (мектептин көмүрканасынын чатыры, ФАПтын сырткы шыбагы, күнөскананын чатыры) жабыркаганын белгиледи.
Министрлик Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген материалдык чыгымды болжол менен 1 миллион 436 миң 775 сом (анын ичинен социалдык объектилер 101 200 сом) деп эсептегенин кошумчалады.
Буга чейин Тоң районундагы аталган айылда катуу шамал үйдүн чатырын учуруп, тосмо дубалды кулатканы айтылып, ӨКМ жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барып жатканын кабарлаган болчу.