
Кыргызстандын аймактарында жайкы аттракциондорго коопсуздук боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Аталган иш-чаралар эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана "Аттракциондорду коопсуз пайдалануу эрежелеринин" талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында уюштурулган.
Белгилей кетсек, текшерүүлөр Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу жана Жалал-Абад шаарында пландуу жана пландан тышкаркы негизде өткөрүлүүдө. Анын жыйынтыгында инспекторлор тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, эрежелерди бузган субъекттерге эскертүү барактары берилүүдө.
Белгилей кетсек, 31-мартта Панфилов паркындагы аттракциондо кыз кулап түшүп, ооруканага
оор абалда жеткирилген. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) кылмыш иши козголуп, 19 жаштагы жигит шектүү катары
кармалган.