Бүгүн, 16-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров окуучу кыз менен абактарда каза болгондор тууралуу маселе көтөрүп, тийиштүү чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.
"Эртең менен ойгонуп, жаңылык окугандан коркуп калдык. 14 жаштагы кыз каза болуп калыптыр. Түрмөдө болсо эки киши каза болуптур. Менин оюмча, ошол тармактын жетекчилери жоопкерчиликти тартышы керек. Адам өмүрү оюнчук эмес. Мындай нерселер кайталанбашы үчүн чараларды көрүш керек.
Эмнеге Каржы министрлиги акча бөлүп, мектептерге психологдорду киргизбейт? Түрмөлөрдөгү окуялар боюнча жетекчилери келип, себептерин так түшүндүрүп беришсин. Ишин аткара албагандар ордун бошотуп бериши керек", - деди ал.
Айта кетсек, Бишкектеги №31 мектептин 7-классында окуган 14 жаштагы кыз классташ баласынын урганынан улам каза болгону маалым болду. Ошондой эле 14-апрель күнү абактарда эки соттолуучу оорудан улам каза болушкандары белгилүү болду.