Бүгүн, 16-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштаган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.
Талкууда эл өкүлү Надира Нарматова мыйзамга депутатка талапкер адамдын беш жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта же өз кесиби боюнча тажрыйбасы болушу керек деген талапты киргизүүнү сунуштаганын, бирок сунушу колдоо таппаганын айтып, коомчулукка кайрылуу жасады.
"VIII чакырылышта ким келет, эми ал буйруктан. Ошондуктан элибиз өзү тандоодон адашпаса. Тажрыйбасы, билими бар, элдин алдында кадыры бар, элдин жүгүн көтөргөн татыктуу адамдарды тандаса деп сунуш айткым келет. Себеби эл кандай тандаса, парламент ошого жараша куралат. Элибиз шайлоодо өзү адашып алып, анан кайра парламентке "какырык", "түкүрүк", "чимкирик" деп түрдүү атты коёт... Ошондуктан эл өзү туура тандап шайласа, өздөрү ошондой атта болот да", - деди ал.
Эске салсак, аталган мыйзам Жогорку Кеңештин 20-марттагы жыйынында биринчи окуудан жактырылган.
Сунушталган документте өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралып, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылары белгиленген.
Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.
Мындан тышкары анда өзүн өзү көрсөткөн талапкердин күрөөсү 100 миң сомдон 300 миң сомго көбөйтүү каралган. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө 1 миллион сомдон 9 миллионго көтөрүлөт.