"Комуз күүсү ар бир иш-чарада жаңырса дейм". Түштүк Кореядагы магистрант Баястан менен маек (видео)

Чет элде ийгилик жаратып, билим алып, Кыргызстандын келечеги үчүн аракет көрүп жаткан жаштарыбыздын саны күндөн күнгө өсүп жаткандыгы кубандырат. Мындай келечек муундардын өкүлдөрүн коомго тааныштыруу өзүнчө бир сыймык.

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги маектеши, өзү 23 жашта болсо да Түштүк Кореяга магистратурага тапшырып, билим алып жаткан Баястан Калыбеков болмокчу.

Мекендешибиздин ийгилик сырларына көнүлүңүздөрдү бурабыз.

– Саламатсыңбы, Баястан мырза! Өзүң тууралуу айта кетсең? Балалыгың кайсы жакта өттү?

– Мен 2002-жылдын 23-февралында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда төрөлгөм. Балалык чагымдагы жагымдуу күндөрүм, мектеп учурларым ошол жакта өттү. Үй-бүлөдө үч бир туугандын эң кенжесимин, эркесимин дегендей. Ата- энемдин колдоосу менен дал ушундай жетишкендиктерге жетип отурам.

– Көпчүлүк чет элге чыгууну балалыгынан максат кылат, а кээ бири жашоонун агымы менен барып калат. Сен кайсы учурда Түштүк Кореяга барууну көздөдүң?

– 10-11-класста окуп жүргөндө Түштүк Кореянын сериалдары укмуш белгилүү болуп, жаштар арасында аларды туураган учурлар көп болор эле. Кыялданып отуруп кызыгуум артып, ал өлкөгө баруу максаты жаралып калды. Бирок эч бир ырчы-чоорчусуна же актёрлоруна фанат болууну көздөбөдүм. Жөн эле бул өлкөгө барып көрүп келүүгө кызыктым. Анан тил үйрөндүм. Келип эми билим алып жатам.

– Түштүк Кореянын кайсы жагындасың? Кайсы багытта билим алуудасың?

– Кыргызстанда университетти аяктаган соң билимимди тереңдетүү максатында магистратурага тапшырууну көздөдүм. Анан Түштүк Кореяга баруу максатын ишке ашырайын деп чечтим да, Тэджон шаарындагы Чхонъун университетинин ишкердикти башкаруу бөлүмүнө тапшырдым. Учурда магистратуранын 1-курсунун 1-семестринде окуумду улантып жатам. Группамда жалаң кореялыктар, жалгыз чет элдик мен. Кыска убакыт ичинде эле алар менен бат тил табышып кеттим, дос арттырдым, тааныш күттүм. Ал үчүн мага корей тили жардам берди. Тил боюнча эч кандай кыйынчылык жок, себеби корей тилин 5 жылдан бери үйрөнүп келем.

– Ал жакка баруу, көнүп кетүү оңой болдубу? Же кандай кыйынчылыктарды багындырдың?

– Түштүк Кореяга биринчи жолу келгенде өзгөчө кыйынчылык деле болгон жок. Себеби GKS программасы аркылуу келгениме байланыштуу баары акысыз болгон. Болгону тамак-ашына көнүү кыйынчылык жаратты. Бул жакка келген кыргыздардын баары ошондон жүдөйт. Азыркы күнгө чейин тамактарына табитим тарта бербейт. Ал эми эли билимдүү, сылык жана жардамын аябайт. Корей тили менен кошо англис тилин да өздөштүргөнүм үчүн чет элдиктер менен достошууга эшик ачылды.

– Билим берүү системасы жактыбы? Биз эмнени үлгү катары алсак болчуудай?

– Түштүк Кореяда билим сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Андыктан бул өлкө билим берүү системасы боюнча дүйнөлүк рейтингдердин сап башында турат. Жаңы технологияларды колдонуу, тартип жана жоопкерчилик, кошумча билим берүүчү ийримдери менен өзгөчөлөнөт. Анан да ата- эненин баланын билим алуусундагы көмөгү жана негизги жоопкерчилиги мени суктандырды. Үлгү алуу боюнча айта турган болсом – эң биринчи, мугалимге болгон урмат, мугалимдин кадыры жогору, бул билим сапатына оң таасирин берет.

– Чет өлкөгө барып окугандардын көпчүлүгү кошумча иштерде иштегендигин айтып калышат. Кошумча жумуштарга баш багып көрдүңбү?

– Албетте, аны баары эле баштан өткөрсө керек. Алгач заводдо иштедим, андан кийин кызмат көрсөтүү багытында, талаа иштеринде, волонтёрлук кызматта эмгектендим. Тил билгендигимденби, айтор, кайсы жерге барбайын кыргыз эмес, корей деп ойлошот. Кийин таанышып, анан улутумду, жердигимди билишет. Жумуш табуу да жеңил болду. Азыр болсо котормочулук менен алектенип жатам. Анан да магистратурама байланыштуу бизнес жаатында долбоорлорду ишке ашыруунун аракетиндемин. Бизнес боюнча 5-6 долбоордун үстүндө иш алып баруудамын. Буюрса, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы саясий жана ишкерлик жаатында, достук мамилени кеңейтүүгө салым кошом деген илгери үмүтүм бар.

– Социалдык баракчаңда Түштүк Кореядагы расмий иш-чараларда, кыргызстандыктар уюштурган кечелерде комуз ойногонуңду байкадым. Кыргыз маданиятын жайылтууга салым кошуп жаткан турбайсыңбы, ээ?

– Ооба, кыргыз маданиятын кореялыктарга таанытсам деген максатым бар. Бул жакта ай сайын ар кандай фестиваль, маданий кечелер уюштурулуп, Кыргызстандын элчилиги активдүү катышат. Ал жерде волонтёр катары уюштуруу иштерин алып барам, котормочу болуп коём, анан маданиятыбызды да кошуп кетем. Жакында эле Тэджондо элчилик менен “Даткайым” мекендештер тобу Нооруз майрамын утурлай 500дөн ашуун кыргызстандыктарды чогултту. Андан кийин эле 16-апрелде Түштүк Корея менен Кыргызстандын дипломатиялык байланышына 33 жыл болгонуна байланыштуу ‘’Түстүү Азия’’ аттуу чоң концерт болду. Ушул иш-чараларда Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүн дагы бир студент менен дуэт кылып аткарып бердик. Ал жерге жалаң эле кыргыздар эмес, Италия, Түркия, Мексика, Манголиядан атактуу опера ырчылары келип ырдашты. А биз болсо кыргыз күүсүн жаңырттык.

– Маданиятты жайылтайын деп жатасың, комуз курс ачып, ал жактагы кызыккандарга үйрөтөйүн деген ниетиң бар окшойт?

– Комузду үйрөнөм деген мекендештерим болсо багыт берүүгө дайым даярмын. Анан да ар кандай маданий иш-чараларда маданиятты танылтуу өзүнчө бир сыймык экен. Атайын бир топ түзүп, комуз күүсүн ар бир уюштурулган иш-чараларда жаңыртып турсак жакшы болмок. Адыктан комуз ансамбль түзүп чыксамбы деген ойлорум бар.

– Келечек пландарың кандай?

– Окууну толук аяктап, Кыргызстанга барып өз салымымды кошом деп турам. Себеби Кыргызстанга билимдүү, тажырыйбалуу, чет жактын жашоосун көргөн, чет жактын билимин алган адистер керек деп ойлойм. Бир гана бизнес жаатында эмгектенбестен, президенттик аппаратта да өзүмдү көрсөтсөмбү дейм.

– Сен сыяктуу жаштарга Түштүк Кореяга барууда кандай кеңеш бересиң?

– Бул жакка келүүнү каалаган жаштарга жөн эле кыялга жетеленип келбегиле демекмин. Максатты так коюп, келечекти көрө алышы керек. Анан да эң башкы кеңеш – бул тил. Эмне кылгыңыз келет? Окуйсузбу, иштейсизби, ишкерлик кыласызбы — так билип, анан келүү керек. Ошондо адаптация жеңил болот. Жеңил оокат табылбайт. Оор сыноолор күтөт. Бирок баарына чыдап, аракет кылсаң чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.

– Баястан, маек үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ой-максаттарың ишке ашып, Кыргызстандын келечегин курган жаштардын катарын толукташыңа тилектешпиз. Окууларыңа ийгилик!

Түштүк Кореяда магистратурада билим алып жаткан Баястан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан