Абитуриентке ЭКИ сөз: Кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болууда? 

SUPER.KG порталынын “Абитуриентке ЭКИ сөз” рубрикасынын кезектеги чыгарылышында кесип тандоо тууралуу сөз кылууну туура көрдүк. Себеби окуу жылынын аякташына саналуу гана күндөр калды. Учурда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн алдында кесип тандоо маселеси турат. Кээ бир окуучулар “Кайсы кесипти тандайм? Кайсы окуу жайга тапшырам? Кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек? Тандаган кесибим суроо-талапка жооп береби?" деген өңдүү суроолорго кептелип, кандай адистикке тапшырарын чече албай ара жолдо турган чагы. Мындан улам учурда Кытай, Германия, Түркияда окуп, эмгектенип жаткан айрым мекендештерибизге "Сиз жүргөн өлкөдө кесип тандоодо эмнелерге көңүл бурушат экен, кайсы тармакка кызыгуу көп?" деген собол узаттык.

Кытайда Суцянь мамлекеттик университетинде (Suqian university) билим алып жаткан Ноорузбек Эркинбек уулу аталган өлкөдө программалоого көбүрөөк басым жасаларын айтты.

"Менин байкашымда, Кытайда азыр бардык эле тармакка суроо-талап бардай. Бир аз программалоого көбүрөөк басым болот окшойт. Анан бизге окшоп баары бир тармакка оой бербегени бар экен. Ар бири өзү кичинекейинен кайсы тарабы күчтүү болсо, ошол тармакты тандашат экен. Менин оюмча, азыр өз ишин мыкты билген адистердин доору келе жатат окшойт, калганын ЖИ басып алат", - дейт ал.

Ошондой эле ал адамдарга күнүмдүк кызмат көрсөткөн кесиптер: мисалы, сулуулук тармагы сыяктуу кесиптер актуалдуулугун жоготпосо керек деген пикирин кошумчалады.

Германияда GIP mbH компаниясында эмгектенип жаткан Салават Исламов Германияда жарандар ЖОЖдордо окуп жатканда ар кандай фирмаларда практикадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин сөз кылды.

"Германияда мектептер ар кандай тайпаларга: биринчи баскыстагы, экинчи баскычтагы мектеп болуп бөлүнөт. Бул системада жакшы окугандар университеттерге барып тапшырууга мүмкүнчүлүктөрү болот. Ал эми андан кийинкилери кесиптик окуу жайларга, техникум, лицейлерге тапшырып кете беришет.

Анан бул жакта немистер ЖОЖдордо окууну кечирээк башташат. Ага чейин өзүлөрүнө биринчи эмне жагарын сынап көрүшү мүмкүн. Практикаларга барышы ыктымал, же кайсы бир жерге волонтёр болуп кетип калышы мүмкүн. Ошентип жүрүп анан "өзүмдү таптым" деп окуу жайга тапшырышы ыктымал.

Бул жакта окуу жайга тапшыруу алдында же окуп жатып, кызыккан багытта кайсы бир фирмаларга практикага барса болот. Ausbildung (ред.: бул орто кесиптик билим берүү программасы. Үч жыл акысыз окушат) деген бар – практикага жакыныраак.

Адам кайсы кесипти аркалай турганын билбей жатса, ошону таап кетүүгө жакшы жагдайлар түзүлгөн", - деди Исламов.

Түркиянын Измир шаарында окуп жаткан мекендешибиз Марлен Борубаев байкоолорунда ал жакта IT тармагына көп басым жасаларын айтат.

"Бул жакта түрк досторума карап байкашымча, башка өлкөлөрдөй эле, IT, компьютердик-робототехникага көп басым жасалат. Андан кийинки орунда, менин оюмча, искусство факультети: актёрлук, ырчылык, режиссёрлук жана башка.
Бул жакка өтүү сынактары дагы оор. Анан инженердик кесиптин бардык түрлөрү. Медицинага көп басым жасалат. Буга мамлекеттик сынагы бар. Эң жогорку балл алгандар гана бул факультетте окуй алышат. Мындан тышкары туризм тармактарына дагы басым жасалат
",- дейт Марлен.

Жасалма интеллектке "Азыркы учурда кайсы кесиптерге суроо-талап жогору?" деген суроо менен кайрылганыбызда төмөнкү кесиптерди атады:

Азыркы учурда дүйнөдө жана Кыргызстанда да айрым кесиптерге болгон суроо-талап башка кесиптерге салыштырмалуу жогору. Бул IT, финансы, саламаттыкты сактоо жана жаңыланып жаткан “жашыл” экономика сыяктуу тармактарга байланыштуу кесиптер. Мисалы:

1. IT жана технологиялар

  • Программисттер (Frontend, Backend, Fullstack)
  • Data Analyst / Data Scientist
  • Киберкоопсуздук адистери
  • UX/UI дизайнерлер
  • DevOps инженерлер
  • AI/ML инженерлери

2. Саламаттыкты сактоо

  • Дарыгерлер (айрыкча терапевт, гинеколог, психиатр)
  • Медайымдар
  • Фармацевттер
  • Психологдор жана психотерапевттер

3. Финансы жана бизнес

  • Финансисттер / бухгалтерлер (айрыкча эл аралык сертификаттары барлар)
  • Бизнес-аналитиктер
  • Digital marketing адистери
  • Project менеджерлер (PMs)

4. Экология, кайра иштетүү, энергияны үнөмдөө.

  • Экологдор
  • Климаттык аналитиктер
  • Renewable energy адистери

5. Билим берүү жана онлайн окутуу

  • Онлайн мугалимдер (англис тили, математика, IT жана башка)
  • Контент түзүүчүлөр (курс жазгандар, YouTube, TikTok жана башка үчүн)

6. Соода, логистика жана тейлөө

  • Сатуучулар жана сатууну өнүктүрүү боюнча адистер (Sales Manager)
  • Маркетологдор (айрыкча digital marketing билгендер)
  • Логисттер жана кампалык башкаруу адистери
  • Кызмат көрсөтүү тармагындагы адистер (официанттар, администраторлор, операторлор)

Кыргызстандын Эмгек министрлиги 16-апрелде тараткан маалыматка караганда, учурда өлкө боюнча ишке орноштуруу кызматтарында 7410 бош иш орун бар. Анын ичинен 6164 – жумушчу кесиптер, 1246 – кызматтык жана кеңсе кесиптери.

Кызмат жана кеңсе кесиптеринин арасында:

  • Тарбиячылар жана мугалимдер (мектепке чейинки жана мектеп)
  • Медицина кызматкерлери (дарыгерлер, медайымдар, фармацевттер, массажисттер, тартип сакчылары),
  • Менеджерлер,
  • Бухгалтерлер,

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер

  • Юристтер,
  • Экономисттер,
  • Психологдор,
  • Инженерлер.

Жумушчу кесиптер боюнча:

  • IT адистери,
  • Тигүүчүлөр,
  • Механика,
  • Ширетүүчү,
  • Курулуш жумушчулары (айдоочулар, слесарлар, ширетүүчүлөр, жыгач усталар, токарлар, слесарлар, бетончулар ж.б.у.с.).
  • Айдоочулар,
  • Сатуучулар (дистрибьюторлор),

Тейлөө кызматкерлери (чачтарачтар, маникюр, официанттар, косметологдор, күзөтчүлөр, кызматчылар, курьерлер, медайымдар, ашпозчулар, кондитерлер, наабайчылар ж.б.у.с.)

  • Операторлор,
  • Ар тараптуу жумушчулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан