Америка Кошмо Штаттарында эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар ал жакка турнирге катышуу үчүн барган кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулун коноктошту. Алардын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Анда АКШдагы мекендештер Мунарбек Сейитбек уулун төргө отургузуп, сыйлап жатышканын көрүүгө болот. Ал тургай учурда АКШда эмгектенип жүргөн ырчы Эрлан Андашев жандуу үн менен ырдап берген.
Белгилей кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу АКШнын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өткөн 2025 USA Boxing International Open эл аралык турниринде алтын медаль уткан.