Мунарбек Сейитбек уулу АКШдагы турнирде алтын медаль утту (видео)

Кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу АКШнын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өтүп жаткан "2025 USA Boxing International Open" эл аралык турниринде алтын медаль утту.

Финалда кыргыз мушкери америкалык Жеримия Муноз аттуу мушкер менен кез келген. Финалдык беттеште Мунарбек Сейитбек уулу өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, америкалык мушкерди татыктуу түрдө жеңип, чемпион аталган.

Мындан тышкары, ушул эле турнирде кыргыз мушкерлери Анвар Ходжиев, Зафарбек Камилов, Ихтияр Нишановдор чемпион болушкан.

Мунарбек Сейитбек уулу АКШда чемпион болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2025-04-20 10:50:00
Азаматсын, дагы да көптөгөн ийгиликтерди багынта бер. Көп жаша!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан