Мальтанын жарандары Ысык-Көлдөгү канаттуулардын бир нече түрүн атып салгандыгы боюнча социалдык баракчаларга тарап кеткен
видео эсиңиздердеби? Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул боюнча бүгүн, 22-апрелде маалымат таратты.
Маалымдалгандай, 4-апрелде "Манас" эл аралык аэропортунда Кыргызстандын аймагынан жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган Мальтанын беш жараны кармалды.
"Анда аталган министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан биргелешкен ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада мыйзам бузгандар кармалып, андан ары териштирүү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Кармалгандарга карата төмөнкүдөй административдик протоколдор түзүлдү:
- Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 262-беренеси боюнча 5 административдик протокол;
- 261-берененин 2-бөлүгү боюнча 3 административдик протокол;
"Мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында айып пулдардын жалпы суммасы 180 миң сомду түздү. Мындан тышкары Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмү тарабынан 270 миң сом өлчөмүндө экологиялык зыян үчүн доо коюлду. Иш боюнча бардык материалдар мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди", - деп кошумчаланган маалыматта.