Бишкек шаарында 22-23-апрелде "Туруктуу калктын саламаттыгы үчүн чечимдер: климаттын өзгөрүүсүн чечүү, айлана-чөйрөнү коргоо, азык-түлүк коопсуздугу жана Борбордук Азиядагы саламаттыкты сактоо системасын башкаруу" аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, конференцияны аталган министрлик, Билим берүү жана илим министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ДСУнун, ЮНИСЕФтин, ПРООНдун, Ага Хан фондунун жана GIZ’дин колдоосу менен уюштурду.
Эл аралык медицина жогорку мектебинин ректору Стальбек Ахунбаев белгилегендей, конференциянын максаты – климаттын өзгөргөн шартында медицина, экологиялык гигиена, тамак-аш коопсуздугу жана калктын ар кандай топторунун ден соолугу жана экология боюнча илимий изилдөөлөр менен билим берүү программаларынын жыйынтыктарын талкуулоо, ошондой эле туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларын, программаларын жана эл аралык документтерди ишке ашыруу болуп саналат.
Эл аралык конференциянын ишине 14 өлкөнүн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, ошондой эле Иран, Эстония, Улуу Британия, Германия, Литва, Словакия Республикасы, Орусия, Жапония жана АКШнын өкүлдөрү катышууда.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева катышуучуларды куттуктап, дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирип, өнөкөт жана жугуштуу оорулардын, анын ичинде безгек, респиратордук оорулардын көбөйүшүнө алып келерин белгиледи.
"Кыргызстан да табигый кырсыктардын көбөйүшүнө туш болууда. Бул аялуу катмарлар, өзгөчө балдар үчүн тобокелдиктерди күчөтөт. Климаттык тобокелдиктерди саламаттыкты сактоо стратегияларына интеграциялоо зарыл, анын ичинде маалыматтарды чогултуу, көзөмөлдөө жана коомчулукка маалымат берүү менен интеграциялоо зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлиги климатты тобокелдик фактору катары эсептеп, "Дени сак адам – гүлдөгөн өлкө" программасынын алкагында 2025-2030-жылдарга карата иш-чаралар планын жаңылады", - деди ал.
Министрдин орун басары 14 өлкөнүн катышуусундагы конференция аймактык чечимдерди иштеп чыгуу жана саламаттыкты сактоонун туруктуу системаларын түзүү үчүн платформа болоруна ишенимин билдирди.
Арыкбаева бардык катышуучуларды климаттын өзгөрүшү шартында калктын ден соолугун коргоо боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алууга чакырды.
"Бизге XXI кылымдын коркунучтарынан балдарды, карыларды, биздин жамааттарды коргой турган заманбап, трансформациялоочу ыкмалар, стратегиялар керек", - деп жыйынтыктады министрдин орун басары.
"Ошондой эле иш-чаранын алкагында Эл аралык медицина жогорку мектеби ЮНИСЕФ менен Эразмус+ GREENKG менен биргеликте уюштурган эко-конкурс жана студенттик конференция өтүүдө. Ага Эл аралык медицина жогорку мектеби , КММА, КМТУ, АУЦА жана башка жогорку окуу жайларынын студенттери катышууда", - деп жазылат билдирүүдө.