Бүгүн, 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Мамлекеттик ипотекалык компанияда батир үчүн мугалимдер менен дарыгерлерге өзүнчө кезек түзүүнү сунуштады.
"Азыр орточо айлык акы 40 миң сом болсо, мугалимдердики 26 миң сом экен. Финансы министрлиги быйыл айлык каралбайт деп жатат. Көптөгөн мугалим менен дарыгерлердин маянасы төмөн болгондуктан үйлөрү да жок. Үй алалы дешсе, МИКте узун кезек. Алар "бизге өзүнчө кезек болсо, же кезексиз берилсе" деп суранып жатышат", - деди ал.