Бүгүн, 23-апрелде Түркиянын Стамбул шаарында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан көп өтпөй эле дагы кайталанды. Анын күчү 4,4 баллга жетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
"Жер титирөөнүн күчү 4,4 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу 7 чакырым тереңдикте жайгашкан", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Түркияда 2023-жылдын февраль айында катуу жер титирөө болгон. Күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө 18 провинцияда сезилген. Анын натыйжасында 50 миңден ашык адам курман болуп, 680 миң турак жай кыйраган.
Бул боюнча кылмыш иштери козголуп, 200дөн ашуун адам камакка алынган. Адистердин айтымында, талкаланган имараттардын көпчүлүгү сапатсыз материалдардан курулган.