Башкы прокуратура "Апрель" телеканалы боюнча билдирүү жасады

Октябрь райондук прокуратурасы "Апрель" телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

"УКМКдан келип түшкөн материалдардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын эксперттик корутундуларынын негизинде Октябрь райондук көзөмөл органы "Апрель" телеканалынын социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүн токтотуу жана "Апрель" телерадиоканалын жайгаштырууга уруксатты жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз менен кайрылды", - деп айтылат маалыматта.

Прокуратура бул коомдук коопсуздукту коргоо, мыйзамсыз маалыматтарды таратууга жол бербөө жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы Кыргызстандын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында жасалганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан