Президенттик шайлоо эми мамлекет башчынын ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өтөт. Тиешелүү конституциялык мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Президенттик администрациядан маалымдагандай, добуш берүү күнү Жогорку Кеңеш тарабынан 4 ай мурун дайындалат. Мыйзамда талапкердин жаш курагы боюнча нормадагы "35 жаштан төмөн эмес" деген сөздөр "добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан" деген сөздөргө алмаштырылган.
"Мыйзамдын максаты – "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин "Конституциясы жөнүндө" мыйзамынынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана президентти кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин конституциялык мыйзам боюнча добуш берүү октябрдын үчүнчү жекшембисине туура келчү.