"Бишкегим, Бишкегим, борборум сен...". Баш калаага арналган ыр саптары

Өлкөбүздүн борбору - Бишкек шаары тарыхы, маданияты жана өзгөчөлүгү менен элибиздин жүрөгүндө. Калаабыз канчалаган сүрөтчүлөргө, акындарга, жазуучуларга чыгармачылык шык берип, түгөнгүс илхам булагы болуп келген. Шаарга болгон сүйүүсүн тургундар сүрөт, ырлар, тасмалар менен көрсөтүп жаткандарына азыр да күбө болуп жатабыз.

Бүгүн биз бай тарыхы бар борборубузга арналган бир нече ырларга, алардын мазмундарына токтолобуз. Ар бир доордун, ар бир муундун акындары бул кооз калааны ыр саптарына салып, анын тагдырын, сулуулугун, эркиндигин, турмушунун ар түрдүүлүгүн даңазалашкан. Бул макалада борборго арналган ырлар, белгилүү акындардын чыгармалары жана алардын шаардын өнүгүшүнө болгон поэтикалык көз карашы жөнүндө сөз болот.

Анда эмесе белгилүү акын Алыкул Осмоновдун "Фрунзе" аталышындагы ырынан баштайлы:

Фрунзе, учкан уям, сүйгөн калаам,

Көп жүрдүк, ойноп, күлүп эсен-аман.

Эч качан жакшы элеси эстен кетпейт,

Кашка суу, жашыл бакчаң, салкын абаң.

Осмоновдун ырында шаарда өткөн жаштыгы, сүйүүсү жана шаардын жашылдыгы сөз болот.

Темиркул Үмөталиевдин "Фрунзем" Ыры:

Фрунзем менин, Фрунзем,

Жыттасам жыпар гүлүм сен.

Таалайымды көргөзүп,

Тийип турган күнүм сен.

Өркөнү өскөн кыргыздын,

Сыймыгы, шаңы бүгүн сен.

Бул ырда калаанын тургундардын жүрөгүндөгү орду баяндалат.

Жолдубай Кайыповдун аткаруусундагы "Фрунзем" ыры:

Фрунзем ашып барат сулуулугуң,

Фрунзем жашай берет улуулугуң.

Жүзүмө күлкү чачып, шаттык чачып,

Жүрөктө орноп алган жылуулугуң.

Мында шаардын сулуулугу, тургундардын бактылуулугу сүрттөлгөн.

Омор Султановдун "Фрунзенин кечтери" ырынан 4 сап:

Аралап шаар ичин басып жүргөн,

Андагы ак буурул түн эсиңдеби?

Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,

Оттору Фрунзенин кечиндеги, - бул ырда Фрунзеге болгон сагынуу чагылдырылган.

Бишкек аталгандагы ырлардан Кыялбек Урманбетовдун "Бишкегим" ыры борбордун гимнине айланган.

Ала-Тоого кыргыз конгондо,

Айландың сен жылдыз борборго,

Ак жолтойлуу үйгө айландың,

Арга барбы сүйбөй койгонго?!

Бишкегим, Бишкегим борборум сен,

Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.

Бактылуу сеземин түшкө кирсең,

Бар болгун, бар болгун, Бишкегим сен.

Саламат Калыбек уулунун "Борборум" ыры:

Көчөлөрүн араласаң көңүл сергиткен,

Бишкектей бар бекен?

Сулусуң, көркөмдүүсүң,

Жеткире албайм сөздөр менен.

Сырларым сенде, айтпайсын эч кимге,

Желегиң турсун көктө дайыма желбиреп.

Кантип коём мен өзүңдү сагынбай,

Жашылданчы жамандарга багынбай.

Дыйкан үрөн чачкандай,

Гүлдөп өскүн алгалай...

Ырында Саламат Калыбек уулу борборго болгон сүйүүсүн, өсүп-өнүгүүсүнө аруу тилектерин камтып кеткен.

Жанатбек Турушбековдун "Борборум" ырындагы саптар:

Чет өлкөдө дор сүрсөм да,

Кетким келет борборума.

Анткени табылбайт мындай жай,

Сенден башканы тандабайм...

Бул саптарда алыста жүргөн мекендештердин борборго болгон кусасы жазылган. Айтор, борбор калаабызга арналган ырлар арбын.

Жыйынтыктап айтканда, Бишкек - бул жөн гана борбор эмес. Ал кыргыз элинин маданий, руханий жүрөгү. Ар кыл доордогу акындардын калеминен жаралган саптар ордо калаабызга болгон сүйүү жана элдин үмүт-тилегин чагылдырып келген. Бишкекке арналган ырлар аркылуу акындар шаардын тарыхын эскерип, өнүгүп-өсүп келе жатканын айтып, бүгүнкүсүн сүрөттөп, эртеңкисине үмүт байлагандарына күбө болдук. Демек, поэзия аркылуу да Бишкек шаары жашап, жаңырып, келечекке карай умтулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан