УКМК Султанбай Айжигитов жана анын жубайы боюнча билдирүү жасады

Мурдагы депутат Султанбай Айжигитов жана анын жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, 3-апрелде Жогорку Кеңештин аппаратына Султанбай Айжигитовдун жубайы Г.Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн алкагында Султанбай Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин кызматтык турак жай жана башка жеңилдиктерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, 2022-жылдын башында жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурууну уюштурганы аныкталган.

"Ал эми колдонуудагы мыйзамдар жубайлардын түздөн-түз баш ийишине же көзөмөлдөөдө болушуна байланышкан мамлекеттик кызматта болуусуна тыюу салат, ал эми парламент депутатынын этика кодекси өзүнүн жакын туугандарынын кызыкчылыктарын жана Жогорку Кеңештин аппаратындагы кызмат орундарына ишке орноштуруу маселелерин илгерилетүүгө мүмкүндүк бербейт.

Андан тышкары Айжигитовдун жооптуу кызматы жана өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органынын депутаты катары жогорку абалы анын жубайын кызматтык милдеттерин атайылап аткарбай, жумушка келбей калышына жол берген, ошол эле учурда ал өлкөнүн бюджетинен айлык акы жана башка тиешелүү төлөмдөрдү толук алып турган.

Алсак, Г.Жолдошова 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта эмгек акы, сыйлыктар, эмгек өргүүсүнө жана башка төлөмдөргө республикалык бюджеттен 3 миллион 200 миң сомдон ашык каражатты мыйзамсыз алган", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМК Султанбай Айжигитов 2005-2008-жылдары жана 2010-2011-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп турганда мамлекеттик кызматка ушундай мамиле кылганын кошумчалады.

"Эки жолу тең Айжигитов аялын мыйзамсыз ишке орноштурган, тагыраагы, Г.Жолдошова Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына караштуу «Төрт-Гүл» мейманканасынын директору болуп, күйөөсүнө түздөн-түз баш ийип, мыйзамсыз түрдө эмгек акы жана башка төлөмдөрдү алып жүргөн. Жогоруда баяндалган фактыларды талдоо Айжигитов үчүн мамлекеттик кызмат, жеке пайда жана артыкчылык алуу мамлекеттик кызыкчылыктардан жогору тургандыгын ачык көрсөтүп турат, бул массалык маалымат каражаттарында ал тарабынан түзүлгөн элдин кызыкчылыгын коргоочу жалган образынан кескин айырмаланат", - деп кошумчалашты атайын кызматтан.

Тергөөнүн жыйынтыгында бүгүн, 30-апрелде Султанбай Айжигитов жана анын жубайы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөөнүн жүрүшүндө баш коргоо чарасы тандалат.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-апрелде Султанбай Айжигитов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу УКМКнын кызматкери аны суракка чакыргандыгы тууралуу видео жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан