Бишкектин Чүй проспектисинин бир бөлүгү 9-майдан тарта унаа кыймылы үчүн жабык болот. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөктүн курулушу боюнча масштабдуу долбоорго даярдык иштери башталды. Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Аталган жер алдындагы өтмөктүн курулуш иштери 6 айдан 8 айга чейин созулат. Долбоордун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөрү айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалаторлор, заманбап лифттер, сервистик объектилер, ошондой эле 220дан ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жайды камтыган ири инфраструктуралык долбоор башталары айтылган.