Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 1-майда республиканын дээрлик көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаайт. Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10 ... +15, күндүз +23 ... +28;
Талас жергесинде түнкүсүн +9... +14, күндүз +22... +27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12... +17, күндүз +23... +28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +19 ... +24;
Нарын дубанында түнкүсүн +3 ... +8; күндүз +19... +24;
Бишкекте күн бүркөк болот. Абанын температурасы түнкүсүн +12... +14, күндүз +24... +26 градус болот.