Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.
Атайын кызмат милициянын лейтенанты кылмыш ишин козгоо боюнча тиешелүү чара көрбөө үчүн 50 миң сом талап кылган деп айыпталып жатканын белгиледи. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин ИИМ УКМК менен биргеликте Биринчи май РИИБинин тергөөчүсү 35 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын маалымдаган.