Бишкекте дагы бир тергөөчү кармалды

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалымдагандай, 1-майда акча талап кылуу фактысы боюнча арыз түшкөн. Анын негизинде милиция кызматкерлери менен УКМКнын кызматкерлери биргеликте тергөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада кечээ, 2-майда шектүү делген тергөөчү 35 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин ИИМ Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү опузалап пара талап кылууга шектелип кармалганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан