Өзүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштыргандар ири алдамчылыкка шектелип кармалышты (видео)

Алдамчылыкка шек саналып 19 жаштагы 2 жигит жана 45 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-апрелде милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар телефон чалышып, өздөрүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, депозиттик эсебиндеги 300 миң сомун белгисиз банктык эсепке котортуп алышканын, муну менен чектелбестен Бишкек шаарындагы батирин 74 миң долларга саттырышып, ал сумманы да бир нече банктык реквизиттерге которууга мажбур кылышканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делгендер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын жашаган жерлерин тинтүүдө банктык эсеп карталары, ар кандай төлөм квитанциялар жана белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин да ИИМ өздөрүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, жарандын 5 миллион 292 миң сомун алдап кеткенге шектелгендер кармалганын кабарлаган.

ИИМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан