Алдамчылыкка шектелип 21 жаштагы 4 жигит жана 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен кайрылган адам белгисиз жарандар телефон чалып, өздөрүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, үч банкта турган депозиттик эсебинен 5 миллион 292 миң сомун белгисиз банктык эсептерге котортуп алышканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө банк реквизиттери аркылуу шектүүлөр аныкталган. Алар алдамчылар тарабынан уурдалган акчаларды накталай чыгарып алып турушкан. Натыйжада кармалгандар камакка алынышкан. Учурда тергөө иштери уланууда.