Валентина Шевченко франциялык атаандашы менен ачык асман алдында кездешти (видео)

Кыргыз мушкери Валентина Шевченко франциялык атаандашы Манон Фиоро менен ачык асман алдында кездешти. Бул тууралуу видеону UFC уюму социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Эки мушкер айым Канадада өтө турган UFC 315 турниринин негизги беттешинде кез келет. Беттеш 10-майда Монреалда өтүп, UFC 315 турниринин башкы беттеши болуп калат.

Мушкерлер бул турнирдин алкагында алгач февралдын аягында басма сөз жыйынында жолугушкан.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко UFC уюмундагы акыркы беттешин былтыр, 14-сентябрда өткөргөн. Анда кыргызстандык мушкер мексикалык Алекса Грассону жеңип алган.

06.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан