UFC 315 турниринин башкы беттешинин алдында жеңил салмактагы UFC чемпиону, кыргыз мушкери Валентина Шевченко менен франциялык Манон Фиоро салмак өлчөө процедурасынан ийгиликтүү өтүштү. Тараза Шевченконун салмагын 56,24 килограмм, ал эми Фиоронун салмагын 56,69 килограмм деп көрсөттү.
Беттеш 11-майда Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дөр чамасында орун алат. UFC 315 турнири Канадада уюштурулууда.
Кыргызстандын намысын коргогон Шевченко ММА боюнча 24 жеңиш, төрт жеңилүү, бир беттеште тең чыгуу менен келе жатат. Фиоро профессионалдык карьерасында 13 беттеш өткөрүп, анын 12син жеңиш менен жыйынтыктап, биринде жеңилген.
Алар бул турнирдин алкагында алгач февраль айынын аягында басма сөз жыйынында жолугушкан.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко UFC уюмундагы акыркы беттешин былтыр, 14-сентябрда өткөргөн. Анда кыргыз мушкери мексикалык Алекса Грассону жеңип алган.