Экиге бөлүнгөн Билим берүү министрлигинин бирин Бактияр Орозов жетектемей болду

Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон. Орозовду аталган кызматка дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Агартуу министрлиги болуп түзүлгөндүгү айтылган. Ал эми Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан