Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Илим жана жогорку билим министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлдү.

Буга байланыштуу Кендирбаева мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Агартуу министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан