Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алийма Ташиева атындагы төрөт үйүндө алгачкы наристелер дүйнөгө келишти. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.
Ал белгилегендей, биринчи төрөлгөн наристенин ата-энеси ымыркайга УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдей уул болсун деген аруу тилек менен Камчыбек деген ысым ыйгарышкан. Ал эми экинчи төрөлгөн наристеге Камчыбек Кыдыршаевичтин урматына Кыдырша деген ат коюлган.
"Дарыгерлер эки наристенин да, алардын энелеринин да саламаттыгы жакшы экендигин билдиришти. Эне-балдар адистердин көзөмөлүндө", - деп жазды ал Facebook баракчасына.
Белгилей кетсек, аталган төрөт үйү 13-майда ачылган. Ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, оорукананы Ташиевдердин үй-бүлөсү курганын жана мамлекетке өткөрүп беришкенин билдирген. Ага Камчыбек Ташиевдин апасы Алийма Ташиеванын ысымы ыйгарылган.