Түркиядагы мейманканада чыккан өрт боюнча айрым айыпталуучулар дээрлик 2000 жылга кесилиши мүмкүн

Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая лыжа базасында жайгашкан мейманканадан чыккан өрт боюнча айыпталуучулардын айрымдарын дээрлик 2000 жылга эркинен ажыратуу сунушталды.

A haber телеканалынын маалыматына караганда, прокуратура 13 адамды 70тен ашуун берене боюнча күнөөлүү деп эсептеп, алардын ар бирин 1998 жылга эркинен ажыратууну талап кылууда. Аларга мейманкана ээлери, башкаруу кеңешинин мүчөлөрү жана менеджерлер кирет. Дагы 22 айыпталуучунун ар бири 22,5 жылдан эркинен ажыратылышы мүмкүн. Айыптоо корутундусун Болу Башкы прокуратурасы даярдап, ошол провинциянын Жогорку кылмыш сотуна жөнөткөн.

Айыпталгандардын арасында мейманкананын айрым тейлөө кызматкерлери жана объектти текшерүү жана лицензия үчүн жооптуу болгон Болу администрациясынын бир катар кызматкерлери да бар.

Трагедияга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон Түркиянын Туризм министрлигинин кызматкерлерине байланыштуу иштер өзүнчө тергелүүдө. Азырынча аларга эч кандай айып коюла элек.

Белгилей кетсек, 21-январга караган түнү Карталкая лыжа базасында жайгашкан мейманканада ири өрт кырсыгы катталган. Өрт чыккан учурда мейманканада 234 адам болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан