Пакистанда жанкечти окуучуларды алып бара жаткан автобусту жардырып жиберди (видео)

Пакистанда окуучуларды алып бара жаткан автобуска кол салуу болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя бүгүн, 21-майда эртең менен Белужистан провинциясынын Хуздар районунда болгон. Анда балдарды аскердик окуу жайга алып бара жаткан автобустун жанына келген жанкечти өзүн жардырып жиберген. Жардыруудан кеминде 4 бала каза болуп, 38и жаракат алганы айтылат. Бир нече баланын абалы оор.

Окуя үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир террордук топ өзүнө ала элек.

Эске салсак, март айында куралчан согушкерлер Белужистан провинциясында жүргүнчүлөрдү ташуучу поездге кол салып, 450дөй адамды барымтага алышкан.

21.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан