Пакистанда барымтага алынган поезддин 155 жүргүнчүсү бошотулду

Пакистандын коопсуздук күчтөрү поездде куралчан согушкерлер тарабынан барымтага алынган 155 адамды бошотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, барымтадагыларды бошотууда 27 террорист жок кылынган. Бошотулган 155 адамдын 17си "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү барымтадагыларды куткаруу операциясы уланып жатканын билдирип, террористтер поезддин жүргүнчүлөрүн тирүү калкан катары колдонуп жатышканын айтышкан.

Кечээ, 11-мартта өлкөнүн Белужистан провинциясында куралчан согушкерлер поездге кол салып, 450дөн ашык жүргүнчүнү барымтага алышкан. Кийинчерээк коопсуздук күчтөрү барымтадагы 80 адамды, анын ичинде 26 аял жана 11 жаш баланы куткарганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан