Будапештте Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтыгы талкууланды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Будапешт шаарында орун алды.

Анда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Венгрия келечектүү долбоорлорду кароого жана Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарына инвестиция тартууга даяр экенин билдирди Орбан.

Жапаров акыркы беш жылдын ичинде өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын көлөмү эки эсе өскөнүн белгиледи.

"Жапаров Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорго Венгриянын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, логистика жана жаңы технологиялар боюнча венгерлердин тажрыйбасына кызыгуусун белгиледи.

Жапаров венгриялык инвесторлордун демилгелерин ар тараптуу колдоого, аларды коргоого жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди", - деп жазылат расмий билдирүүдө.

Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы мындан аркы кызматташуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан