Аялын ур-токмокко алган казак дипломатынын иши сотко өттү

Коңшу Казакстанда жубайына зордук-зомбулук көрсөткөнү үчүн камалган Казакстандын БАЭдеги элчисинин мурдагы кеңешчиси Сакен Мамаштын иши сотко өттү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн соту ушул жылдын 29-майында өтөт. Ишти судья Артур Абдыханов карайт.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын май айында дипломаттын экс-жубайы Карина Мамаш күйөөсү тарабынан 10 жылдан бери системдүү түрдө ур-токмокко алынганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып чыккан.

Ошондой эле ал күйөөсү аны эле эмес, аларга конокко келген эжесин да сабап салган учурлар болгонун билдирген.

Аталган билдирүүдөн кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Сакен Мамашты чет өлкөдөн тез арада чакыртып, кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан