"Баткендеги талааны чегиртке каптап жатат" деген видео тарады 

Социалдык тармакта "Баткендин Тамаша айылындагы талааларды чегиртке каптап жатат" деген аталыштагы видео тарады.

Автор анда чегирткелер бир аптада көбөйүп кеткенин, алар айылды көздөй жыла баштаганын айткан. Ошондой эле ал жерлерге 3 күндөн бери дары чачылып жатканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй өрөөнүнүн талааларын чегирткелер каптап, Айыл чарба министрлиги тарабынан дарылоо иштери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан