Баткендин талааларын каптаган зыяндуу чегирткелерге каршы химиялык дарылар чачылууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү бүгүн, 22-майда билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткендин Тамаша айылындагы талааларды чегирткелер каптап жатканы айтылган.
“20-майга карата Баткен облусу боюнча жалпы 16050 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, 12750 гектар аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталды. Анын ичинен 5000 гектар аянтта химиялык иш-чаралар аткарылды”, - деп жазылат маалыматта.
Аталган иш-чараларга 3 техника тартылган.