Вашингтондогу Израил элчилигинин эки өкүлүн өлтүрүүгө шектелген жаран өлүм жазасына тартылышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда чет элдик басылмаларда жазылды.
Анда белгилегендей, шектүү Элиас Родригес киши өлтүрүү беренеси боюнча айыпталууда. Ошондой эле ага чет элдик аткаминерлерди өлтүрүү, ок атуучу курал колдонуу менен өлүмгө алып келүү жана кылмыш учурунда ок атуучу курал колдонуу деген айыптар да коюлду.
"Фактыга таянып, биз бул үрөй учурган кылмышты жасаган адамды эң оор жазага тартабыз", - деген АКШнын башкы прокурору Пем Бонди.
Белгилей кетсек, 22-майда Вашингтондогу Столикалык еврей музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкерине ок атылып каза болушканы маалымдалган. Көп өтпөй шектүү кармалганы айтылган. Буга удаа АКШ президенти Дональд Трамп окуя боюнча билдирүү жасап, "АКШда жек көрүүгө жана радикализмге орун жок" деген пикирин айткан.