"Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Кадыр Атамбаев Стамбулга уча албай, "Манас" эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында кабарлады.
Анын айтымында, мындай окуя акыркы эки сутка ичинде экинчи ирет кайталанууда.
"Бүгүн Стамбулга учмак тургай, "Манас" аэропортундагы милиция бөлмөсүндө темир тордун артында отурам.
Мага кайрадан чет өлкөгө чыгууга тыюу салынып, учуп кетүүм үзгүлтүккө учурады - акыркы эки сутка ичинде бул экинчи жолу кайталанып жатат.
Биздин адвокат бул акылга сыйбаган "флажок" - тыюу мыйзам боюнча иликтөө менен сот иши бүткөндөн кийин дароо алынууга тийиш экенин алдын ала айтып, аны жокко чыгарууну талап кылган. Айрыкча, бул иште мен күбө катары гана болгонмун, ал эми күбөлөргө мындай чектөө коюу мыйзамсыз.
Милициянын тергөөчүсү эки күн мурун эле бул "флажокту" күн ичинде алып салууга убада берген. Бирок кечээ күтүлбөгөн жерден "жетекчиликтин көрсөтмөсү бар" деп шылтоолоп, ал чечимди өзү гана жокко чыгара алары менен чырмалды.
Аэропорт кызматкерлери өздөрү да бул "флажокту" алып салууга болгону он беш мүнөт гана керек экенин айтышты - бул бир кофе ичкен убакыт.
Натыйжада, мыйзамсыз чектөөнүн айынан менин Стамбулга кечээги жана бүгүнкү каттамдарым үзгүлтүккө учурап, Педро Санчестин чакыруусу боюнча эл аралык лидерлер менен боло турган жолугушууга бара албай калдым", - деп жазган ал.