Жеке тарыхтан эл аралык фестивалга: Жаш кинорежиссёрдун чыгармачылык кадамдары (маек)

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы жаңы муундагы кинорежиссёрлордун таланттуу өкүлдөрүнүн бири, кыргызстандык Айпери Усманова болмокчу. Анын гендердик теңсиздик темасын козгогон "Кыз" аттуу кыска метраждуу тасмасы "Үмүт" эл аралык кинофорумунда калыстар тобунун өзгөчө баасына татып, "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалында көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, Казань эл аралык мусулмандар кинофестивалына катышууга жолдомо алган.

Биз 27 жаштагы кинорежиссёр менен маектешип, сыйлыктарга ээ болгон тасманын тартылышы, коомдогу социалдык көйгөйлөрдү визуалдык көз караш менен кантип изилдегенин жана чыгармачылыктагы жолу тууралуу маек курдук.

- Айпери, "Кыз" тасмаңыз бир нече абройлуу кинофестивалдарда калыстардын жана көрүүчүлөрдүн көңүлүн бура алды. Бул кинонун идеясы кантип жаралып калган жана ал аркылуу кайсыл социалдык көйгөйлөрдү чагылдырууну көздөдүңүз эле?

- Тасманы тартуу идеясы коомдогу аялдардын абалына жана гендердик теңсиздик темасына болгон терең кызыгуумдан жаралган. Анда каармандын башынан өткөргөн жашоосу аркылуу ички травманы жана социалдык адилетсиздикти изилдеген окуялар көрсөтүлгөн. Мен чынчыл, таңуулоосуз жана сынсыз айтып бере турган чыгарма жараткым келген. Мен үчүн көрүүчүлөрдүн кырдаалга эмоционалдуу түрдө баа бүрүүсү жана жөн гана абстракттуу эмес, каармандын жашоосу аркылуу көйгөйдү көрүүгө мүмкүндүк түзүп берүү маанилүү. Өз ишин мыкты билгендердин жана көрүүчүлөрдүн реакциясына караганда, бул ыкма эффективдүү болду деп айта алам. Тасма коомчулук арасында резонанс жарата алды.

- Сизди Кыргызстандагы гендердик теңсиздик маселесин ачык айткан биринчи режиссёр болдуңуз деп айтсак болобу?

- Жок, албетте. Мен биринчи эмесмин. Кыргызстанда совет доорунда эле 1955-жылы "Салтанат" тасмасы тартылган. Андагы башкы каарман зоотехник болуп иштеген аял эркектер арасында өз укугу үчүн күрөшө алган. Бул аялдардын укуктары жана алардын коомдогу орду жөнүндө айтуунун алгачкы, бирок өтө маанилүү аракети болчу. Мен бул салтты уланткым келет, бирок мен көбүрөөк коомдогу көйгөйлөрдү, бүгүнкү күндө аялдар эмнеге дуушар болушат жана бул системалык деңгээлде гана эмес, ички дүйнөдө кандайча чагылдырылып жатканы тууралуу айткым келет.

- Сиз жараткан тасма гендердик изилдөө тармагында билим берүүчү булак катары колдонулуп, ЭЛТР телеканалынын "Дебют" программасына киргизилген. Ушул тууралуу дагы кененирээк маалымат берсеңиз, кино кантип билим берүүнүн жана коомдук диалогдун куралына айлана алат?

- "Кыз" тасмасы фестивалдардын алкагында көрсөтүлүп жатканы мен үчүн чоң ачылыш болду. Тасма университеттерде гендердик маселелерди изилдөөдө мисал катары көрсөтүлө баштады. Тасма академиялык талдоо менен социалдык көйгөйлөрдү эмоционалдык түшүнүүнүн ортосунда көпүрө боло аларын көрсөтүүдө десем болот. ЭЛТР телеканалынын "Дебют" программасына кошулганы, киного кошумча аудитория берип, маанилүү маданий билдирүү катары статусун дагы да бекемдей алды. Тасма талкуу жаратууга түрткү болуп, көптөгөн көрүүчүлөрдө башынан өткөргөн окуяларын кайра карап чыгууга жана мурда көмүскөдө калып келген маселелерди ачык талкулоого мүмкүндүк түзүп берди. Менин оюмча, тасмадагы жеке окуялар чечилбей келген оор маселерге жол көрсөтөт жана бул коомдогу өзгөрүүлөрдүн куралына айлана алат. Режиссёр чын дили менен чыгарма жаратса, ал кино залдан тышкары дагы талкуу жарата алат деп ойлойм.

- "Кыз" тасмасын жаратууда өзүңүздүн кайсы ыкмаңызды колдоно алдыңыз? Ушул тууралуу дагы айтып берсеңиз? Коомдогу оор социалдык темаларды ачууда кандай ыкмаларды, чечимдерди колдонуп келесиз?

- Тасманы жаратып жатып, визуалдык образдуулук менен тереңдиктин ортосундагы айкалышты табууга умтулдум. Эң негизги ыкмалардын бири башкы каармандын жан дүйнөсүн ашыкча диалогсуз жана түшүндүрмөлөрсүз ачуу. Мен бир караганда өтө деле маанилүү эмес, бирок окуянын өзөгүндө символикалык мааниге ээ болгон деталдарга өзгөчө көңүл бурдум. Көрүүчүлөрдүн өздөрүнүн ой жүгүртүүсүнө орун берип, динамикалык көрүнүштөрдү көбүрөөк ой жүгүрткөн учурлар менен алмаштырдым. Ал эми актёрлор менен иштешүүдө берилгендик менен жасалмалуулуктун жоктугуна жана театрдык көрүнүштөрдөн качууга аракет кылдым. Менин оюмча, социалдык тасмалар даяр жоопторду бергендин ордуна, тескерисинче, көрүүчүгө суроо жаратышы керек.

- Кыргызстандын Кинематография департаменти өткөрүп жаткан “Үмүт” эл аралык кинофорумунда калыстар тобунун атайын баасына ээ болуу - бул чоң профессионалдык баалоо десек болот. Адистердин көңүлүн сиздин тасма эмнеси менен бурду деп ойлойсуз жана бул баа сиздин мындан аркы чыгармачылык өнүгүүңүзгө кандай таасирин тийгизет?

- Калыстар тобу тасмадан көркөм экспрессивдүүлүк менен коомдук маанинин айкалышын көрө алды деп ойлойм. "Үмүт" форуму маанилүү профессионалдык аянтча болуп саналат, анда техникалык чеберчилик гана эмес, чыгарманын актуалдуулугу жана автордун көз карашы да бааланат. Кино тармагындагы эксперттердин баасын алуу мага жасаган жумушумдун келечеги бар экенин жана баалуу экенин тастыктады. Бул мага режиссёрлук жумушумду өнүктүрүүгө ишеним берди жана социалдык тасмалар бир учурда терең, ошону менен катар маанилүү болоруна ынандырды. "Үмүт" форумунан кийин мен тема тандоодо чечкиндүү болуп, менин көз карашым көрүүчүлөргө гана эмес, жалпы коомчулукка да резонанс жарата аларын түшүндүм.

- Сиздин тасмаңыз муну менен катар эле "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалында көрүүчүлөрдүн сыйлыгына татыган. Мындай коомдук баа сиз үчүн канчалык маанилүү жана тасманы кабыл алууда кесипкөйлөр менен жөнөкөй көрүүчүлөрдүн ортосунда кандай айырмачылыктарды көрүп жатасыз?

- Мен үчүн көрүүчүлөрдүн жакшы көрүүсү өзгөчө мааниге ээ. Анткени, көрүүчүлөрдүн эмоционалдуу жооп кайтаруусу тасманын максатына жеткенин көрсөтүп турат. Көрөрмандар чын дили менен баа беришет, бул деген окуянын түшүнүктүү жана адамдарга тааныш учур экенин айтып турат. Жөнөкөй көрөрмандар техникалык аспектилерге, түзүлүшкө, камералык иштөөгө, монтажга көңүл бурган калыстар тобунан айырмаланып, жалпы тасмага эмоция аркылуу баа беришет. Тасманын эки тараптан тең жакшы бааланганы ар кандай деңгээлдеги тасманы жарата алгандыктан кабар берет.

- Сиздин тасма дүйнө жүзү боюнча 4 миңден ашуун арыз түшкөн "Kazan International Muslim Film Festival" кинофестивалына катышууга жолдомо алган экен. Мындай деңгээлдеги фестивалга кантип тандалдыңыз жана аталган кинофестивалдын расмий программасына киргениңизди укканда сизде кандай сезим болду?

- "Kazan International Muslim Film Festival" кинофестивалына катышуу мен үчүн тасманы эл аралык деңгээлде таанытууга маанилүү кадам болду. Катышуу процесси кылдат даярдыкты талап кылды, режиссёрдун баасы, техникалык шарттар, тасма тууралуу толук маалымат керек экен. Мен фестивалдын ушунчалык масштабдуу экенин билдим, жыл сайын комитет ондогон өлкөлөрдөн миңдеген эмгектерди карап чыгат, ошондуктан расмий программага кирүү мүмкүнчүлүгү аз.

"Кыз" тасмасы тандалганын укканда, мен аябай сүйүнүп, сыймыктандым. Кыргызстандагы көрүнүш, бирок бардык адамзатка тиешелүү темаларды козгогон тасма эл аралык аудиторияга түшүнүктүү жана кызыктуу боло аларына далил болду деп айта алам. Мындай фестивалдарга катышуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты жана кинодогу берилгендик маданий жана тилдик тоскоолдуктарды жеңе турганын көрсөттү.

- Алдыда кандай чыгармачылык пландарыңыз бар? Учурда кандай долбоорлордун үстүндө иштеп жатасыз жана кийинки тасмаларыңыз кайсыл темаларды көтөрүп чыгат?

- Учурда мен жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатам. Ал тасма чет өлкөдө мигранттын адаптация болуусу жана ички эркиндик маселелерин камтыйт. Бул жагынан менин жеке тажрыйбам мисал боло алат. Мага чет өлкөдөгү мигранттар башка маданият чөйрөсүндө кантип инсандыгын сактап, ички жана тышкы тоскоолдуктарды кантип жеңип жатканын изилдөө кызык. Ошону менен катар мен Борбордук Азиядан келген режиссёр айымдар үчүн визуалдык баяндоо боюнча өзүмдүн жеке окуу курсумду иштеп жатам. Менин максатым – искусство аркылуу маанилүү социалдык маселелерди көтөрө турган коом түзүү. Ал эми келечекте мен аялдар жана аярлуу топтун өкүлдөрү үчүн кинематографияны колдоо платформасын ишке киргизүүнү кыялданам. Мен искусство өзгөрүүнүн күчтүү куралы боло алат деп ишенем жана коомдогу ар түрдүү адамдардын үндөрү угулса экен дейм.

- Маанилүү маек жана кызыктуу маалыматтар үчүн чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан