Бишкек милициясы Кадыр Атамбаевдин өлкөдөн чыга албай калуусуна түшүндүрмө берди

Бүгүн, 23-майда "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Кадыр Атамбаевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынганы тууралуу маалымат тарады. Бул боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.

"2024-жылы 13-ноябрь күнү "Социал-демократтар" партиясынын өкүлү болгон кызыкдар адамдар тарабынан шайлоочулардын, 2024-жылдын 17-ноябрь күнү, Бишкек шаардык кеңешине шайлоого, добуштарын сатып алуу боюнча И.К., Р.Т., Т.С., мыйзамсыз аракеттерине кылмыш иши козголуп, соттук кароого жөнөтүлгөн. Ал эми Кадыр Атамбаев жана партиянын өкүлдөрүнүн кыймыл аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган кылмыш ишинин негизинде чек арадан өтүүгө чектөө киргизилген.

Белгилей кетсек, бул чектөөлөр алынган эмес жана ошондой эле Кадыр Атамбаевдин жактоочусунун чектөөнү алып салуу тууралуу келтирилген өтүнүчү Тергөө кызматынын өндүрүшүнө түшкөн эмес", - деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, буга чейин Кадыр Атамбаев "Манас" аэропортунан Стамбулга уча албай калганын билдирип, милиция аны өлкөдөн чыгууга тыюу салынганына байланыштуу кармап калганын айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан