Бүгүн, 26-майда Талас облусунун Кеңеш айылында битум ташыган оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы да тастыктады.
Башкармалык жеңил унаа Honda CR-V үлгүсүндө экенин белгилеп, учурда жеринде жол кырсыгынын кесепеттерин тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Дагы кошумча маалымат берилерин билдирди.