Блогер Арген Керимов менен орусиялык блогердин беттеши жылдырылды 

Сигма каймана аты менен белгилүү болгон кыргыз блогери Арген Керимов менен орусиялык блогер Дани Милохиндин беттеши жылдырылды. Бул тууралуу All Stars Boxing турниринин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Буга чейин эки блогер 6-июнда All Stars Boxing турниринин алкагында Алматыда жолугуша тургандыгы айтылган.

"Мен 6-июнда беттешке чыгышым керек болчу. Бирок аны кийинкиге жылдырууга аргасыз болуп турам. Негизги себеп – мурдумдун ичке тамырлары. Ар бир спарингде мурдум канап жатат. Дарыгерлер мурунга операция жасатса болорун айтышты. Бирок жасатсам бир айча машыга албай калам", - деген ал.

Ошондой эле бул тармакта али тажрыйбасыз болгондугун белгилеп, бардык күйөрмандарынан кечирим сураган.

"Бул менин карьерамдын башталышы болгондуктан, көп жерде тажрыйбасыз болдум. Тамактанууда, машыгууда, келишим түзүүдө. Андыктан беттешти кийинкиге калтырууга туура келет. Мен баарынан кечирим сурагым келет. Дани экөөбүз жакын арада беттешебиз деп ишенем", - деген блогер.

Буга чейин Милохин беттешке эки жума калганда Керимов жана анын командасы байланышка чыкпай жаткандыгын айтып чыккан.

27.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан