Интернетте Кытайдагы химиялык заводдун жарылуусу тартылган видео тарады (видео)

Интернетте Кытайдагы Shandong Gaomi Youdao компаниясына таандык химиялык ишканада болгон күчтүү жарылуу тартылган видео тарап жатат.

Анда жумушчу чоң цистернадан өтүп бара жатканда ал жарылып кеткенин көрүүгө болот. Ал кишинин тирүү калганы белгисиз.

Эске салсак, кечээ, 27-майда аталган заводдо катуу жарылуу болгон. Кырсыктын кесепетинен 5 киши каза болуп, 19 адам жаракат алганы айтылды. Каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.

28.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан