Кытайда химиялык заводдун жарылуусунан 5 адам каза болду (видео)

Кытайдын Шаньдун провинциясындагы химиялык заводдо болгон жарылуудан 5 киши каза болуп, 19у жаракат алды.

Кытайдын мамлекеттик телеканалы CCTV билдиргендей, жарылуу Вэйфан шаарындагы Shandong Youdao химиялык компаниясына таандык ишканада болгон. Жарылуу болгон аймакка жалпысынан 55 техника жана 232 куткаруучу тартылган.

Пестицид жана фармацевтика тармагында колдонулган химиялык заттарды чыгарган ишканадагы жарылуунун себеби азырынча белгисиз. 500дөн ашуун адам иштеген ишканада каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Эске салсак, кечээ, 27-майда аталган заводдо катуу жарылуу болгон.

Учурда интернетте ошол жарылуудан жаракат алгандар деген видео да тароодо.

27.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан