Чүйдө балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жаран дагы деле табыла элек. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-майда дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөөгө Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.
Белгилей кетсек, 19-майда болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, дайынсыз жоголгон. Кайырмагы суунун жээгинен табылган. Куткаруучулар бир аптадан ашык убактан бери издөөнү үзгүлтүксүз улантууда.