Жайыл районунда балык уулоого чыгып, дайынсыз жоголгон адам изделүүдө

Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен 28 жаштагы адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.

Эске салсак, 19-майда болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон келген эмес. Кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн.

Кечээ, 21-май күнү ИИМдин өтүнүчүнүн негизинде жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 23 адам, жалпы 45 адам тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан