Бишкек мэриясы депутат Маматалиевдин айтканы боюнча билдирүү жасады

Бишкек шаарынын мэриясы Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин айтканы чындыкка дал келбестигин билдирди.

Айта кетсек, эл өкүлү кечээ, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында шаарда жол куруу иштери кечки саат 18:00дөн кийин жана дем алыш күндөрү жүргүзүлбөй жатканына нааразы болгон болчу.

"Бүгүнкү күндө жолдорду оңдоо жана реабилитациялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда кээ бир тилкелерде тургундардын нааразычылыгынан улам дем алыш күндөрү жана кечки убакта подрядчы уюмдар иштерди убактылуу токтотууга мажбур болушууда. Бирок калган убактарда жол куруу иштери толук кандуу жүргүзүлүүдө.

Мисал катары депутат Мeдеров көчөсүн келтирген. Бирок учурда бул көчөдө инженердик тармактарды тартуу иштери параллелдүү жүрүп жатат. Бул – келечекте жаңы басылган асфальт катмарын кайра казуу зарылдыгынын алдын алуу максатында жасалууда.

Айрыкча белгилеп кетүүчү нерсе – Мeдеров көчөсүн Юнусалиев көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери графиктен 26 күнгө алдыда бара жатат. Ал эми Жибек-Жолу проспекттинде (Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки түндүк тарабы) иштер графиктен 19 күн эрте бүтүрүлгөн.

Жаңы төшөлгөн асфальтты кайра казуу маселесине келсек, шаардык кызматтар тарабынан жолдорду реконструкциялоо жана реабилитациялоо учурунда параллелдүү иштерди макулдашуу менен жүргүзүү каралган. Муниципалдык инспекция жана тиешелүү адистер тарабынан аткарылган иштердин сапаты жана мөөнөттөрү тыкыр көзөмөлдөнүүдө", - деп айтылат калаа бийлиги тараткан маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан