"Дем алыш күндөрү иштебейт". Депутат Маматалиев Бишкекте жол оңдогондорго нааразы болду (видео

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги жол оңдоо иштеринде кемчиликтер бар экенин айтты.

Ал борбор калаада көп жолдор оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканына ыраазы экенин белгилеп, бирок ишти тездетүү үчүн жумушчулар дем алыш күндөрү иштебей жатканына нааразы болду.

"Бардык жерди айтпай эле коёюн, бирок Медеров көчөсүн айтып берейин. Дем алыш күндөрү кадимкидей эле иштебей коюшат да. Же болбосо кечинде саат 18:00дө "жумуш бүттү" деп кетип калышат. Мен ойлойм, бул Бишкек үчүн кабыл алынбай турган нерсе", - деди Маматалиев.

Эл өкүлү ошондой эле салынган имараттарды таза сууга кошуу үчүн жаңы салынган жолдорду кайра талкалаган учурларга да көңүл бурулушу керектигин белгиледи. Ал "мындай учурда жолду кайра калыбына келтирүү иштери жакшы аткарылбай жатат" деп кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 28.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан