Бүгүн, 13-январда Цюрих шаарында “Алтын топ” байгеси өз ээсин табат

Бүгүн, 13-январда Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын версиясы боюнча өткөн жылдын “Мыкты футболчусуна” ыйгарылуучу “Алтын топ” байгеси өз ээсин табат. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи Бишкек сааты боюнча 21:30да старт алат. Анда өткөн жылдын “Мыкты футболчусу” ФИФАга мүчө болгон мамлекеттердин капитандарынын, башкы машыктыруучуларынын жана журналисттердин добушунун негизинде аныкталат. Андан тышкары жылдын символикалык курама командасы белгилүү болот.

Эске салсак, футбол жаатындагы эң беделдүү сыйлыкка 3 футболчу көрсөтүлгөн. Алар: Аргентинанын жана каталондук “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси, Португалия курама командасынын жана мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду жана мюнхендик “Бавариянын” франциялык жарым коргоочусу Франк Рибери. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kozer
2014-01-13 14:11:36
Роналду алса иххууу болотда))
0
neymar.kg
2014-01-13 18:36:56
Рибери алыш керекко дейм
0
muslim7
2014-01-13 21:51:26
сааты туура эмес супер. москва сааты боюнча 21-30да болот. а биздин саат боюнча 00-30да
0
admin_superstan
2014-01-14 11:22:31
muslim7, кабар толукталды.
0
muslim7
2014-01-13 22:01:09
мессинин ордуна бавариядан дагы бироо кошулуш керек эле
0
neymar.kg
2014-01-14 01:08:13
Роналду алдыго ийлап ийди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан