Акыйкатчы институту Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү боюнча үн катты

Акыйкатчы институту Өзгөн районунда бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине баргандан кийин күйөөсүнүн колунан ажал тапты делген Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу билдирүү жасады.
Институт Айзирек Эралиеванын жакындарына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтөт.
"Айзирек Эралиеванын артында 5 баласы калды. Балдарынын эң улуусу 17 жашта, Бишкек шаарындагы коллеждердин биринде билим алат. Ал эми экинчи уулу 9-класстын окуучусу, үчүнчү уулу 11 жашта, төртүнчүсү 7 жаштагы кыз, эң кичүү кызы 4 жашта.
Балдарды шектүүнүн бир тууган агасы камкордукка алууга даярдыгын билдирди", - дешти Акыйкатчы институтунан.
Былтыр Акыйкатчы институтуна үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандыгы тууралуу 40 кайрылуу болсо, ушул жылдын 5 айында 11 даттануу келип түшкөн.
Белгилей өтсөк, Ош ОИИБинин маалыматына ылайык, 27-майда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип, күйөөсү кармалган. Учурда маркумдун жакындары окуя тууралуу айтышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан