Бүгүн Стамбулда Орусия менен Украинанын экинчи сүйлөшүүсү өтөт

Бүгүн, 2-июнда Түркиянын Стамбул шаарында Орусия менен Украина делегациялары кайрадан тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүшөт. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, сүйлөшүү Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө Стамбулдагы Чыраган Сарайында өтөт. Учурда Орусиянын делегациясы Стамбулга барган. Эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрү буга чейин 16-майда Стамбулда өткөн.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен өтө турган жолугушуусун Украинанын коргоо министри Рустем Умеров жетектей турганын кошумчалады.

Зеленский Telegram каналы аркылуу билдирүү жасап, "Стамбулдагы жыйынга чейин Украинанын негизги позицияларын аныктадым",- деп жазды.

Зеленский билдирүүсүндө: "Украинанын коргоо министринин, тышкы иштер министринин, Генералдык штаб, чалгындоо кызматтары жана Украина Коопсуздук кызматынын отчётторун угуп чыктым. Биздин коргонуу, активдүү аракеттерибиз жана дипломатиябыз тууралуу маалымат алдым. Биз эгемендүүлүгүбүздү, мамлекетибизди жана элибизди коргоо үчүн бардык аракеттерди жасап жатабыз. Жакынкы мезгил үчүн милдеттерди аныктадым. Стамбулдагы жыйынга даярдыкты да тактадым.

Биринчи кезекте, толук жана шартсыз тынчтык. Экинчиден, туткундарды бошотуу. Үчүнчүдөн, уурдалган балдарды кайтаруу. Андан тышкары, ишенимдүү жана туруктуу тынчтык орнотуу жана коопсуздукту камсыздоо үчүн жогорку деңгээлде жолугушуу уюштуруу зарыл. Бул маанилүү маселелерди лидерлер гана чечиши мүмкүн. Биздин делегацияга Рустем Умеров жетекчилик кылат",- дейт.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков 30-май күнү жасаган билдирүүсүндө, Украина боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр үчүн делегациялардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн натыйжа алуу керек экенин белгиледи. "Орусиянын сүйлөшүү делегациясы Стамбулга бара жатат, экинчи турдун сүйлөшүүлөрү үчүн дүйшөмбү күнү таң эрте даяр болот", - деп билдирди ал.

Песков, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Орусия президенти Владимир Путин, Украина президенти Владимир Зеленский жана АКШ президенти Дональд Трамп ортосунда Түркияда жыйын өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу: "Мындай сүйлөшүүлөрдөн мурда эки өлкөнүн делегацияларынын түз сүйлөшүүлөрүнөн натыйжа алуу керек. Эгер натыйжа алынса, албетте, жогорку деңгээлдеги байланыштар тууралуу сөз кыла алабыз",- деп билдирген.

Стамбулдагы экинчи сүйлөшүүлөрдө Орусия менен Украина даярдаган меморандумдар талкууланары күтүлүүдө.

Сүйлөшүүлөргө Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Владимир Мединский баштаган делегация катышат. Москва өкмөтү өзүнүн тынчтык шарттарын аныктаганын, бирок аларды алдын ала ачыктабоо чечимин кабыл алганын билдирген.

Эске салсак, буга чейин жекшембиге караган түнү Орусиянын Коргоо министрлиги Украина Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязань жана Амур аймактарындагы аскердик аба базаларына FPV учкучсуз учактар менен чабуул жасаганын жана айрым учактардын өрттөнгөнүн билдирген. Чабуулдар Орусиянын түндүк-батыш, түштүк-батыш жана чыгыш аймактарындагы ички аймактарга чейин жеткен.

Ал эми Украина тараптын социалдык медиа булактарында украин аскерлери Орусияга каршы ири масштабдагы операция жүргүзгөнү тууралуу маалыматтар берилген. Чабуулдар Мурманск, Рязань, Иркутск жана Иваново аймактарындагы Орусиянын аба базаларына жасалгандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан