Кара-Кулжада өлтүрүлгөн келин: Жашоо сүртүмүндө калган элестер (видео)

Каргашалуу окуя катталган үй-бүлөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрү менен алардын жакыны бөлүшүп, алардын жашоосундагы ыйрым сүртүмдөргө токтолду. Өзүн учурда түрмөдө отурган жарандын бир тууган жээни деп тааныштыргын айым сүрөттөрдү көрсөтүп, алардын бактылуу учурларына токтолгон.

"Тайкем таятам каза болгон кезде таенемдин курсагында калган экен. Жолдошумдан калган белек деп, атын Белек коюптур. Жай мезгилинде Ысык-Көлгө, Бишкекке барышат эле. Мына, сүрөттөрдөн көрүнгөндөй, бир жакшынакай, бактылуу турушат. Булар менен чогуу жашабаганыбыз менен бактылуу мүнөттөрүнө күбө болдук. Той-топурдан калтырбай дайыма аялын, балдарын жанында алып жүрөт эле.

Таенебиз булар менен чогуу жашайт эле. 1-май күнү ал 86 жашка толду. Азыр аябай оор абалда. Окуя болгон учурда таенем үйдө болбогон экен", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 27-майда 38 жаштагы аял октон каза тапкан, анын өлүмүнө шектелип, күйөөсү кармалган. Кылмышка шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кара-Кулжада өлтүрүлгөн келин: Жашоо сүртүмдө калган элестер 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан